Ош: ишеним кантип бекемделет?

Сүрөттүн булагы, bb
Кыргызстандын Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясынын беш жылдыгы эскерилип жатат. Бул окуяларга арналып тургузулган “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында июнь окуяларында каза тапкандарга багышталып куран окулду.
Эскерүү иш-чаралары апта соңуна чейин уланат. Эртең Ош шаарына БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун да келиши күтүлүүдө.
2010-жылдагы Оштогу жана Жалал-Абаттагы жаңжалда 400дөн ашуун киши каза тапкан. 100дөн ашуун киши дайынсыз жоголгон. Жүздөгөн үйлөр жана мекемелер өрттөлгөн эле.
Беш жыл ичинде бийлик абалды калыбына келтирүү аракетин көрүп, окуяларга саясый да, укуктук да баа берүүгө күчүн үрөп келди. Улут аралык мамилелерди жөнгө салуу, келечегинде мындай жаңжалдарга жол бербөө үчүн бир нече мамлекеттик программаларды ишке салды. Бирок анын натыйжасы байкалабы?
“Окуяны даталуу күнү эле коогалаң курмандыктарын эскерип, иш-чараларды өткөрүп эмес, бир жылда 365 күн болсо ошонун бардыгында ушул маселе боюнча иштеш керек,-дейт коомдук ишмер Орозбек Акимбаев.-Бул коогалаңдын сабактарын аны көргөн адамдар эле албастан, кийинки өсүп келаткан муун дагы жыйынтык чыгара тургандай иш-аракеттер болушу зарыл”.

Сүрөттүн булагы, n
Ош шаардык кеңешинин депутаты, окумуштуу Каныбек Исаков, Ош шаарынын нравалык кодексин кабыл алуу демилгесин көтөрүүдө.
“Менде бир чоң демилге болду “Ош шаарындагы жашоочулардын нравалык кодекси” деген идея болгон. Себеби дүйнөдөгү көп улуттуу калк жашаган ири шаарларда мындай практика бар. Мыйзамдар аркылуу эле эмес, адамдык сапат аркылуу бири-бирин бириктирүүчү иш-аракеттер керек. Ар бир тургун өзү жашаган көчөсүндө, үйүндө, окуп, иштеген жайында тынч жашоого, ынтымакты сактоого моралдык жактан жоопкер деген көкүрөгүндө сезим жашаса деген тилек болду эле. Биз максатыбызга азырынча жете албай турабыз. Бул кодексти кабыл алып, коомчулукка жеткире алсак, улут аралык мамиле болобу, коомдук, үй-бүлөлүк тарбия болобу өзгөрүүлөрдү кылсак болот”-деди Каныбек Исаков.
Жаап-жашырган менен негизгиси коомдук аң-сезимди өзгөртмөйүн, башкасын өзгөртүү кыйын дейт жергиликтүү серепчилер.
“Беш жыл деген менен шаардыктардын кайсы бир бөлүгү баары бир кооптонуу менен жашап келатат. Бул жылдар ичинде кандуу окуяларга күнөлүү деп айыпталып, ортого от жаккан деп коомчулукка шардана кылынган кишилердин жазага тартылбаганы да ишенимдерди жоготушу мүмкүн,-деди Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборунун президенти Рашидхан Ходжаев.-Мамилелер акырындык менен мурдагы калыбына келип жатканына күбө болуп эле келатабыз. Аны айтыш керек. Ошол эле учурда баары бир ишенбей, кооптоно карагандар, аз болсо да эки тарапта тең бар экенин айтып кетпесе болбойт. Бул кандуу коогалаңга күнөлүүлөрдү жазага тартуу керек. Ошондо элде ишеним болот”.
2010-жылдан бери Ош окуяларына сырттан да, ичтен да түрдүү баа берилип, кайсы бир учурда аша чапкан билдирүүлөр дагы айтылып келатат. Бул окуялардан кийин улут аралык мамиле Ошто жашаган тургундардын эң эле бир аялуу темасы болуп калды. Коогалаңдын материалдык чыгымдары калыбына келтирилгени менен моралдык жоготуулар убакыттын ченеми менен толчудай.





























