Чет жердеги согушка катышкандар түрмөгө түшөт

Published

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы чет жердеги согуштарга жана куралдуу кагылышууларга катышкан кыргыз жарандарын көп жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Кылмыш Кодексине сунушталып жаткан толуктоолорго ылайык, чет элдеги куралдуу кагылыштарга катышкан, бирок жалданып же террордук иштерди жасаш үчүн атайы даярдыктан өтпөгөн болсо, алар сегиз жылдан он эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошол эле кылмыш уюшкандык менен топ адам тарабынан жасалса, күнөөкөрлөр 12 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилет.

Террордук же экстремисттик кылмыштарды жасоо үчүн адамдарды азгыруу, машыктыруу жана даярдоо, жалданма адамды каржылоо жана куралдуу кагылышта пайдалануу үчүн төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Куралдуу кагылышка жалданып катышкан адам сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер бул кылмыш топ адам тарабынан жасалса жана кызмат абалынан пайдалануу менен же жашы жете электерди азгыруу менен болуп жатса 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат же мүлкү конфискацияланып өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Расмий маалыматтарга караганда Сирияга «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн чакырыгы менен азгырылып барып, согушкерлердин катарын тоулуктаган 300 гө жакын кыргыз жарандары бар. Мамлекет өзүнүн жарандарынын чет элдик террордук жана экстремисттик уюмдардын азгырыгы менен чыгып кетишине мыйзамдык жана башка ар кандай бөгөттөрдү коюунун аракетин көрүүдө.