Кыргыз тоолорунда испаниялык үч альпинист курман болду

Published

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз тоолорунда испаниялык үч альпинисттин кырсыктап курман болгонун билдирүүдө.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 21-июнда Ак-Тоо чокусундагы Ак-Сай музуна испаниялык альпинисттик Каталония боюнча 3 адамдан турган жаштардын курама тобун тоого чыгып баратканда кар көчкү алып кеткен. Кар көчкүдөн 3 адам каза болду.

21-июнда Кыргызстандын Альпинизм Федерациясынын кайрылуусу боюнча “Тянь-Шан Тревел” фирмасы маркумдардын сөөгүн издөө-куткаруу иштерин уюштуруп, 22-июнь күнү саат 13:28де маркумдардын сөөгүн КР Чек ара кызматынын тик учагы менен Бишкек шаарына жеткирди.

Каза болгондор:

1. Алехандро Васедо Чафер, Валенсии шаарынын тургуну, туулган жылы белгисиз;

2. Родригес Виллар (аял киши), 1996-жылы туулган, Торогоны шаарынын тургуну;

3. Джозеф Катрино Кабалерия, 1991-жылы туулган, Джероны шаарынын тургуну;

Казахстан Республикасындагы Испаниянын консулдугу окуя тууралуу маалыматты билет.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсык боюнча аларга эч ким жардам сурап кайрылган эместигин билдирди.