Бишкекте конституциялык реформага каршы жарандык акция болду

Published

Бишкекте "Ак үйдүн" жанында Конституцияны өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы болду.

Каршылык акциясына жүздөн ашык адам келди. Алар "Конституциядан колуңду тарт" деп кыйкырышып, коалициялык көпчүлүктүн лидерлеринин демилгеси менен сунушталган Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору өлкөнү авторитардык жолго кайтарып келет деп, ага каршы экендиктерин билдиришти.

"Биринчиден, Атамбаев менен анын тегереги сот системасын толугу менен колго алууну чечти. Сот системасынын жетекчилеринин баарын Атамбаев жана фракциянын лидерлери шайлаган жатышат. Бул аз келгенсип, толугу менен ар бир депутатты контролго алууну максат кылышууда. Ар бир депутаттын мандаты толугу менен партия лидерлеринин колунда болот. Эгерде депутат жакпай турган болсо анда мандатты тартып алып, депутатты айдап жиберген саясатты жүргүзгөн жатышат",-деди ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун башкаруучу коалициядагы үч лидер Текебаев, Кулов жана Турсунбеков иштеп чыгышып, коомдук талкууга коюшкан. Жогорку Кеңештин тармактык комитети шейшембиде аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү жөнүндө сунушту биринчи окууда колдоп берди. Референдумду парламенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландаштырылууда.

Жарандык коом өкүлдөрү жаратпай каршы чыгып жаткан мыйзам долбоорун башкаруучу коалициянын лидерлери Ф. Кулов, Ө. Текебаев, Ч. Турсунбеков сунуштап жатат. Президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев бул мыйзам долбоорго колдоо көрсөтүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандык коом өкүлдөрү жаратпай каршы чыгып жаткан мыйзам долбоорун башкаруучу коалициянын лидерлери Ф. Кулов, Ө. Текебаев, Ч. Турсунбеков сунуштап жатат. Президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев бул мыйзам долбоорго колдоо көрсөтүүдө.

Башкаруучу коалициядагы лидерлердин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын бир катар жарандык коом өкүлдөрү дароо эле сындап чыгышкан. Алар эң оболу парламенттеги лидерлерге Конституцияны өзгөртүүнүн мыйзамдык тартибин одоно бузуп жатышат деген доомат коюшууда.

"Конституцияны өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору корутунду алыш үчүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жиберилиши керек эле. Бул процедуралык мыйзам бузуу болуп саналат",-дейт "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова.

СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууда бардык процедуралар сакталат деп жооп кайтарган.

"Бул мыйзам долбоору референдумга өзүнүн жол-жобосу менен чыгат. Бул мыйзам долбооруна үч эмес Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары кол койгон. Туура, Конституциялык палатанын дагы бүтүмү керек. Ал үчүн да тийиштүү иштер жүрүп жатат. Бардык процедура бүткөндөн кийин гана мыйзам чегинде карайбыз",-деген Чыныбай Турсунбеков.

Референдумга коюла турган Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга коюлду. Анда баш мыйзамга сегиз өзгөртүү киргизүү каралган. Атап айтканда, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын Өкмөт дайындашы; премьер-министрдин өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетиргенге укук алышы, депуттарды алар мандат алганга чейинки кылмыш иштери үчүн жоопко тартуу, партиялардын депутаттарды кайра чакыртып алуу укугу жана премьер-министрдин кызматтан кеткенден кийин депутаттык кызматка келиши каралган.

Сот бийлигине тийиштүү өзгөртүүлөр боюнча парламент Жогорку Соттун төрагасы менен анын орун басарларын шайлайт, жаңы жагдайларга байланыштуу Жогорку Соттун чечиминен кийин да иштерди кайра караганга мүмкүн болот. Конституциялык палата Жогорку Соттун курамынан чыгып, өзүнчө көзөмөл органы болуп түзүлөт. Бирок дал ушул Конституциялык палата маселесинде дагы жарандык активисттер аны президентке көз каранды органга айланткан жатат деп каршы чыгышууда.

2010-жылы апрелде кан төгүлүп, бийлик алмашкандан кийин өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Анда 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө мораторий каралган. Мына ушул мораторийдин бузулуп жатканы дагы жарандык коомдун нааразылыгын жаратууда.