Мектеп формасына бирдиктүү мамлекеттик талаптар коюлат

Published

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп формасына бирдиктүү стандарттык талаптарды киргизген жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасына коюла турган бирдиктүү талаптар иштелип чыкканын билдирүүдө. Бул стандарттар ата-энелерге жана мектеп жетекчилерине мектеп формасын тандоодо жардам берет.

Мектеп формасы биринчиден, Өкмөт 2012-жылы бекиткен «балдардын кийиминин коопсуздугу» жөнүндө токтомдо каралган талаптарга ылайык болушу кажет. Эми бул талаптардан сырткары мектеп формасына өзүнчө дагы бирдиктүү жалпы талаптар коюлмакчы. Ал стандарттар боюнча мектеп формасы классикалык түрдө болушу керек, спорттук кийим жана бут кийимдерди, жинсыларды, үйдө кийүүчү же көл жээгинде кийүүчү кийимдерди, баш кийимдерди кийүүгө жол берилбейт.

Мектеп формасын бардык мектептерде милдеттүү кылып киргизүү бир топ кыйынчылыкты жаратууда. Биринчиден, ишканалар анын баасын арзан жана жеткиликтүү кылып базарга алып чыгыша элек. Бирок ошого карабай, окуучуларга мектеп формасын кийгизүү айрым райондордо ийгиликтүү чечилип жатканын да айта кетүү керек.

Мисалы, Аксы районунда мектептер Каракөл шаарындагы "Нурай" фирмасы менен келишим түзүп, окуучуларга мектеп формасын тиктирип жатат. Келишим боюнча аталган фирма жетим балдарга, жетишпеген үй-бүлөнүн балдарына форма бекер берилет, колунда жок үй бүлөлөргө 20 пайыздан арзандатып берилеүүдө.

Ошондой эле активдүү мектептерге каржылык дагы жардам көрсөтүүдө. Мисалы Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү Токтогул ажы атындагы мектептин окуучуларын форма менен камсыз кылып, мектептин өзүнө 30 миң сом жардам көрсөттү. Колунда жок үй-бүлөнүн беш окуучусуна форма бекер берилди, ошондой эле он чакты окуучуга жыйырма пайыз арзандатып берген.

Ушундай эле жардам Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Бегматов атындагы орто мектепке да берилип, окуучулар бүт форма менен камсыз болду. Район боюнча Нурай фирмасынын жети дүкөнү ачылып иштеген жатат.

"Жаңы окуу жылына Аксы районунун окуучулары 90 пайыздан кем эмес форма менен камсыз болот»,-деп билдирди аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Анаркул Шырдаков.

Билим берүү жана илим министрлиги бирдиктүү мектеп формасы боюнча өткөн жылы сынак өткөрүп, мектепке ылайыктуу формалардын үлгүлөрүн тандап алган. Өткөн окуу жылында окуучулар бирдиктүү форманы милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу түрдө кийишкен. Эми жаңы окуу жылында милдеттүү түрдө кийиши керек.

Министрлик тандап алган формаларга дин кызматкерлери сын пикирлерин айтышкан. Бирок башкы маселе анын баасы жалпы элге канчалык алгылыктуу экендигинде болуп жатат. Себеби форманын баасын ишканалар өздөрү аныктайт. Кийим тигүүчү фирмалардын айрымдары окуучуларга мектеп формасын 1500-2000 сомдон сунуш кылышкан. Бирок көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бул кыйла эле оор маселе дешет.