Сот Уран Ботобековду 1 млн 800 миң сом доого жыкты

Бишкек шаардык Свердлов райондук соту президенттик аппараттын мурдагы 1-орунбасары Икрамжан Илмияновдун доо арызын карап чыгып, коомдук жана саясий ишмер Уран Ботобековду жана «Вечерний Бишкек» гезитин 1 млн. 800 миӊ сомго доого жыкты.
Икрам Илмиянов өзүнүн арызында Уран Ботобековдун “Кабар ордо” сайтында жарыяланган маегинде тогуз сүйлөмдү төгүндөөнү жана беш миллион сом доо толөп берүүнү талап кылган эле.
Уран Ботобеков жана анын адвокаттары сот процессинин одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешип, соттун чечимин талашып кийинки инстанцияга кайрылышарын билдиришүүдө.
“Вечерний Бишкектин” өкүлү Акмат Алагушев судья калыс карабай, коргонууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок деп айтууда. Ал эми Уран Ботобековдун жактоочусуна сөз да берген эмес.
“Бул Кыргызстанда авторитардык бийлик толук орногонун, соттор Атамбаевден көз каранды экендигин, өлкөдөгү сот реформасы талкаланганын жана басма сөз эркиндиги Ак үй тарабынан тебеленип жаткандыгын айгинелейт,-деп билдирди Уран Ботобеков сот чечими боюнча коомчулукка жасаган билдирүүсүндө. - Сот Илмияновдун кадырын кандай негизде 1 млн. 800 миӊ сомго баалаганын ачык айтып бере албады. Менин ага төлөп берер акчам жок. Ошондуктан биз командабыз менен жакында элге кайрылып, Илмиянов жыртыгын бүтөп алсын деп, 7 сомдон садака чогулта баштайбыз”.

























