Темир Сариев: мечиттердин саны мектептен ашканы кооптондурат

Published

Өкмөттө билим берүү маселелерин караган жыйында премьер-министр Темир Сариев өлкөдө мечиттердин саны мектептердин санынан ашып кеткенин кооптуу тенденция деп атады.

«Учурда өлкөдө 2669 мечит, 67 медресе бар. Ал эми мектептер саны 2027 болсо, 52 жогорку окуу жайы иш алпарууда. Бүгүн мечиттер мектептин санынын ашканы эле тенденциянын кайда бара жатканын көрсөтүүдө. Биз мындай абалды сезип, тенденциянын кооптуулугуна карата чара көрүшүбүз керек”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр саясатчылар менен айрым уюмдардын арасында мектеп салам дегендер дээрлик жок экенине өкүнүчүн да айта кетти:

«Бүгүн көпчүлүк саясатчылар же башка уюмдар мечит салып берүүнү адатка айлантты. Мектеп салам дегендер дээрлик жокко эсе. Бул эмнеден адатка айлангандыгын түшүнбөйм? Биз коомчулук, мугалимдер баарыбыз биригип билим берүүнүн маанисин жогору түшүнүшүбүз керек. Муну менен катар учурдагыдай тенденцияны бузуп, билим берүү бааланышы керектигин башкаларга түшүндүрүшүбүз керек. Азыр шайлоо өнөктүгүн башталышы менен саясий партиялар шайлоочулардын добушун алуунун ар жолдорун издей башташат. Алар мектепке компьютер же керектүү жабдыктарды сатып берүүнүн ордуна добушту башка жол менен сатып алууга качышат. Ушундай кырдаалда коомчулук уяткарып, мектептерге керектүү нерсени талап кылышы керек”,-деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда премьер-министр мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин белгилеп, буга каршы кескин чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул жаатта Билим берүү жана илим министрлиги жаңыча иш алпарып, кыска жана узак мөөнөттүү реалдуу пландарды иштеп чыгышы керек.

Премьердин айтымында, билим берүү системасына сапаттык өзгөртүүлөрдү жана бул тармактагы атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн жеке менчик мектептердин санын көбөйтүү, мугалимдердин кадрдык сапатын көтөрүү үчүн стимулдарды көбөйтүү жана билим берүүдө ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү зарыл.