Кыргызстанда бүгүнкү жумушчу күнү эки саатка кыскарды

Сүрөттүн булагы, Getty
Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөдө бүгүн күн катуу ысышы ыктымал деген божомолуна таянып, жумушчу күнүн кыскартканы туралуу маалымдады.
Сегиз сааттык жумушчу күндү ысык аптапка байланыштуу деп 2 саатка кыскартуу туралуу буйрукка өлкөнүн премьер-министри Темир Сариев кол койду.
Өткөн аптанын соңунда кыргызгидромет 12-16-июлга күн катуу ысый турганын айтып эскертүү берген. Өлкөнүн түштүк аймактарында күн катуу ысып 41 градуска чейин жетүүдө. Бүгүн Гидрометеорология агенттиги күн ачык тийген жерлерде 45 градуска чейин ысык болушу мүмкүн деп айтты.
Адистер организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө жөнүндө кеңеш берип жатышат. Күн ысыкта жүрөк, кан-тамыр оорулары, кант диабети менен ооругандар түшкүсүн сыртка чыкпашы керек дешет. Бул күндөрү ошондой эле суюктукту көбүрөөк ичүү керек.
Күн катуу ысыган кезде мөңгүлөр ээрип, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, өтө ысыктан улам чөп куурап, өрт чыгуу коркунучу да бар.

























