Данияр Нарымбаев кетти, анын ордун Темир Жумакадыров басты

Президент аппаратынын жаңы жетекчиси Темир Жумакадыров 35 жашта.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент аппаратынын жаңы жетекчиси Темир Жумакадыров 35 жашта.
Published

Президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Анын ордуна 35 жаштагы Темир Жумакадыров дайындалганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Темир Жумакадыров февраль айынан бери Коргонуу кеңешинин катчысы болуп иштеп жаткан.

Данияр Нарымбаевди өткөн жумада ЖК депутатынын 100 миң доллар пара алган кылмышына катышы бар деген шек менен президент убактылуу кызматтан четтеткен болчу.