Россиядагы кыргызстандык мигранттардын тапкан ташыганы азайды

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Россиядагы кыргыз мигранттары үйүнө жиберип жаткан акча каражаттарынын көлөмү жаӊы жылда 30 пайызга кыскарды. Бул жөнүндө Кыргызстандын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту билдирүүдө.
Бул Россиядагы экономикалык кризис менен рублдун куну түшүп кеткенинен болуп отурат. Ошол эле учурда ар кандай экономикалык кыйынчылыктардан улам Кыргызстанга кайта турган мигранттар аз. Алар Россиядан кетпей турганын эскертип, мигранттардын көйгөйүнө бийликтин эл эмес, шайлоого аттанып жаткан партиялардын да көӊүл бурушун талап кылышууда.
Россияда кыйынчылыкка кабылган кыргыз мигранттарынын ата-мекенине жиберген акчаларынын көлөмү кескин кыскарды. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун эсебинде мигранттардын өткөн жылы жиберген акчасы 3 млрд 300 млн сомду түзгөн болсо, бул көрсөткүч быйыл 1 млрд 700 млн сом болуп, отуз пайызга кыскарган.
Байкоочулар мигранттардын абалынын оорлошуна Россиядагы рублдин куну түшкөнү жана Россияга киргизилген экономикалык санкциялардан кийинки кризистик абал себеп болгонун айтышат.
“Дүйнөлүк статистикага караганда Россия мигранттардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Ал жерде 11млн мигрант бар. Россиянын экономикалык кыйынчылкка кептелүүсү бардык мигранттарга, алардын өлкөсүнө терс таасирин берди. Анын үстүнө рублдын куну түшүп, алар канча акча салса дагы, сомго айланганда аз болуп калып жатат. Маселен, мурда бир мигрант үйүнө отуз миң рубль салса, ал 45 миң сом болчу. Азыр ал отуз миң сом гана болуп атпайбы?”- деди Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматкери Камалбек Карымшаков.
Россияда азыркы учурда бир жарым миллиондой кыргыз жарандары жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинен баргандыктан, билим сапаты начар, өз жоопкерчиликтерин жана укуктарын биле беришпейт. Ошондуктан иш таппай, же акчанын тартыштыганан улам үйүнө кайта албай жүргөндөр дагы аз эмес дейт эмгек мигранты Бекболот:
“Миграттардын басымдуу бөлүгү 12-14 сааттан иштейт. Эртеден кечке жумуш кылып, бирок айлык акы ала албай жүргөндөрү көп. Алар өз укуктарын жакшы билбегендиктен, ишенээри жок болгондуктан ушундай абалга келип атат.”
Бекболот сыяктуу бир катар мигранттар шайлоо алдында саясий партияларды сыртта иштеп жүргөн кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө көңүл бурууга чакырууда. Москвадагы эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын төрагасы Алишер Маданбеков Би-Би-Сиге мигранттардын башындагы кыйынчылыктарды атап кетти:
“Миграттардын эң биринчи көйгөйү, мыйзамды жакшы билбегендиктен кара тизмеге кирип калганы. Бүгүнкү күндө 270 миңден ашык Кыргызстандын жараны кара тизмеде. Экинчиден, эмгекке орношуу дагы оордук жаратат. Мен айтып кетишим керек, Евразиялык биримдикке кирген чакта дагы эгер расмий түрдө эмгек келишими түзүлбөй турган болсо кайра кайталана берет. Учурда шайлоого аттанып жаткан бир да партия мигранттардын турмушун жеңилдетүүчү маселе көтөргөн жок. Бул мигранттар арасында нараазылык жаратууда”, - деди Алишер Маданбеков.
Жергиликтүү адистердин баамында, бара-бара орус жеринде иштеген кыргызстандык мигранттардын саны да, алардын кирешеси да келерки жылдары дагы төмөндөөнүн үстүндо болот. Азыр болжол менен Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу калктын үчтөн бири Россияда жан багып жүрөт.





























