Путин кыргызстандык кичинекей кызга күчүк белек кылды

Сүрөттүн булагы, b
Published
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, Балыкчы шаарынын кичинекей тургуну, он жашар Даша май айында Путинге кат жолдогон.
Катта Россиянын презинденти Владимир Путинден ньюфаундленд күчүгүн белекке берүү өтүнүчү жазылган.
Дашанын жакындарынын айтымында, мындай улуу инсандан катка жооп келет деген ой болгон да эмес. Бирок Даша үмүттөнүп жүргөнү айтылат.
Андан көп узабай Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Дашанын үй-бүлөсүнө чалып, кубанычтуу жаңылык айтышкан.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Путин белек кылган алты айлык күчүк азыр Казакстанга алынып келинди. Президенттин белегин кичинекей Дашага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько бейшембиде тапшырган жатат.

























