Терроризм темасын чагылдыруу: маалыматпы же пропагандабы?

Сүрөттүн булагы, Getty
Кыргызстандын күч органдары “Ислам мамлекети” деп аталган күчтөрдүн кыргыз элине болгон видеокайрылуусу боюнча өзүнүн иликтөө иштерин баштады. Аталган видео өткөн ишембиде You-tube тармагында жарыяланып, Кыргызстандын өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча алты сааттан кийин алынып ташталды. Бул видеокайрылуу Бишкекте “Ислам мамлекети” менен байланыштагы эл аралык террордук топ жок кылынган антитеррордук операциядан кийин чыгып отурат.
Эксперттердин айтымында, аталган видеокайрылуу интернет айдыңында дүңгүрөгөн жаңылык болуп калды. Бардык маалымат каражаттары бул видео кайрылуунун ким жасаганын, анда эмне деп айтылганын жазып чыгышты. Кээ бир булактар, мисалы Kloop.kg медиа-порталы видеокайрылуудан сүрөт тартып алып, андагы эмне деп айтылгандарды, ал түгүл андагы титрларды сөзмө сөз көчүрүп басты.
Мына ушул жерде маалымат каражаттары эл аралык экстремисттик, террордук күчтөрдүн кайрылууларын чагылдырганда алардын пропагандисттик куралына айланбай, канчалык кесипкөй, туура чагылдырып жатат деген суроо чыгууда. Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев алардын медиа порталы эң оболу бул маселеде журналистиканын ачык-айкындык принцибин колдонуп жатышканын жүйөө тартууда:
“Маалымат берүү терроризм сыяктуу негативдүү күчтөр менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири деп эсептейбиз. Мындан пайда болгон коомдук резонанстан улам адамдар каршы аракет көрө алышат. Эгер мамлекет терроризмге тартылуу проблемасын чече албай атса, анда бул жерде анын себебин медиа мейкиндиктен издебеш керек. Экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдын экинчи беренесине ылайык, ачык-айкындык терроризм менен күрөшүүнүн эң негизги принциби болуп саналат. Эгер бул проблема жөнүндө айтпасак, анда бул терроризмге жан тартуу болуп калат. Биз жарыялаган маалыматтан кийин укук коргоо органдары УКМК жана ИИМ "ИМдин" кандай иш жүргүзүп жатканын билишти”,-дейт Kloop.kg порталынын башкы редактору Элдияр Арыкбаев.
Террордук коркунуч жараткан күчтөр жөнүндө элдин көзүн ачкан маалыматтарды берүү – журналистиканын маанилүү милдети, бул жөнүндө талаш жок. Бирок террорчу саналган топтун кайрылуусундагы чакырыкты кайталап берүү, андагы титрларды көчүрүп сөзмө сөз жарыялоо террорчулардын сөзүн элге жеткиргенге жатпайбы?
“Журналисттин иши, албетте, маалыматты таап таратуу. Бул жагынан алганда Kloop.kg журналисттик милдетин аткарды. Бирок ошол эле учурда террористтерге сөз бергенге тыюу салынат деп Кыргызстандын мыйзамдарында жазылган, анын жоопкерчилиги да каралган. Андан сырткары, Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодексинин 15-беренеси боюнча террордук аракеттер жана террорго каршы операциялар учурунда башка укуктар менен эркиндиктерден адам өмүрү жогору турат деп айтылат. Террорчулар көп учурда өз позициясын билдирүү же өзүнүн колдоочуларына ишарат берүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдаланууга умтулат, ошону журналисттер эсине тутуп жүрүүгө тийиш деп айтылат. Ошондой эле теракт маалында укук коргоо органдары менен кеңешпей туруп террорчулардын лидерлеринен интервью алууга жол берилбейт. Демек, эреже да, мыйзам дагы террорчуларга сөз берүүгө тыюу салат”,-дейт медиа-эксперт Султан Жумагулов.
Башка эксперттердин дагы айтымында, диний-экстремисттик жана террордук коркунучтар жана күчтөр жөнүндө теманы чагылдырганда көп журналисттер кесиптик даярдыгы жогунан алардын колундагы пропагандисттик куралга айланып кеткен көрүнүштөр кездешет. Ошондуктан мындай темага тиши өтпөгөн журналист уялбай-этпей эле тажрыйбалуу эксперттердин кеңешин сураганы оң. Анткени "ИМдин" видеокайрылуусу "тоодо согушуп жүргөн түркөй адамдардын эмес, Оксфорд менен Гарвардды бүткөн жогорку тажрыйбалуу адистердин колунан чыкканын унутпаш керек" дейт дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов.
“Аудио жана видеотерроризм алдамчылыгына, башкача айтканда маалыматтык пропагандалык амалына илинип калбаш керек. Ошондуктан ИМ менен байланышкан маселелерди чагылдырууда өтө этият болуш зарыл. Ага жөнөкөй комментарий берүүгө болбойт. Жогорку кесиптик даярдыктагы эксперттердин комментарийин бериш керек. Азыркы учурда видеокайрылуу эмес, ошол кайрылуу жөнүндө маалыматтар Интернетти үч көтөрүп, ушак-айың менен коркуткан олуттуу фактор болуп калды”,-дейт Кадыр Маликов.
Диний-экстремисттик жана террордук уюмдар жөнүндө маалымат жазып жаткан журналисттер эксперттер жогоруда айткан кеп-кеңештерди эске алышпаса, анда олуттуу каталыкка жол берип коюшу калетсиз. Бул жагынан алганда кыргыз медиа айдыңындагы калемгерлер өнүккөн өлкөлөрдүн да тажрыйбасын карап көргөнү учурдун талабы.





























