Шайлоону уюштурууга көмөктөшчү республикалык штаб түзүлдү
Published
Кыргыз өкмөтү парламенттик шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жана анын материалдык-техникалык маселелерин чечүүнү камсыздаган республикалык штаб түзгөн жатат. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.
Премьердин жарлыгы менен ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары дагы шайлоону уюштурууга көмөктөшө турган штаб түзүүгө тийиш.
Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматына, Тышкы иштер министрлигине жана башка мамлекеттик структураларга шайлоого байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө тийиштүү тапшырмалар берилди.

























