АКШ сенаты Кыргызстанга элчисин тандады

Сүрөттүн булагы, Getty
АКШ Кыргызстандагы элчилигине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин сунуштаганы айтылууда. Өлкөнүн сенаты аны колдоп берген. АКШнын Бишкектеги элчисинин массалык маалымат каражаттары боюнча кеңешчиси Жон Браун бул маалыматты тастыктады.
“Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары кечээ күнү 5-августа сенат тарабынан бекитилгенин ырастайбыз. Ал кишинин жакында Кыргызстанга элчи катары келишин күтүп жатабыз”,-деди Жон Браун.
Шейла Гуолтни 25 жылдай дипломатиялык чөйрөдө жүргөн деп айтылат анын өмүр баянында. Буга чейин 1999-2001-жылдары Кыргызстандагы АКШ элчилигинде жооптуу кызматта иштеп кеткен экен. Соңку жылдары Орусияда алты жылдай иштеп, АКШнын Санкт-Петербургдагы консулу жана Москвадагы элчиликте иштеп турган.
Айрым басылмалар Шейла Гуолтнинин талапкерлиги мурда да элчиликке сунушталып, бирок Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги аны колдогон эмес деп жазып чыгышты. Бирок Тышкы иштер министрлиги бул айтылгандар туура эмес маалымат деп четке какты. Ошол эле учурда Бишкектеги АКШ элчилиги дагы муну жокко чыгарды.
Жакында эле АКШ мамлекеттик департаментинин кыргызстандык абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровко "Адам укугун коргоочу" деген сыйлык бергени эки өлкө ортосундагы мамилелерге көлөкө түшүргөндөй болгон. Премьер-министр Темир Сариев АКШ менен кызматташуу иш-аракеттерин жеңилдетүү боюнча 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган келишимди бир жактуу денонсациялоо боюнча чечимге кол койгон эле. Ал чечим ушул айдын 20-августунан тартып күчүнө кирет деп айтылган.
Кыргыз бийлиги АКШнын абактагы адамга сыйлык берүүсү өлкөдөгү кырдаалды солгундатууга жана улуттар аралык мамилелерди ырбатууга салым кошуп жатат деп сынга алган болчу.
“Эгер эки өлкө ортосундагы карым-катнаш бири-биринин кызыкчылыгына жооп бере турган, ички саясатына кийгилишпеген, эл аралык тажрыйбага таянган кызматташтык болсо Кыргызстандан кандайдыр бир маселе чыкпайт. Жаңы дайындалган элчи дагы ушул көз караш менен иш алып барса, кандайдыр бир натыйжа болушу мүмкүн”,-дейт дипломатия боюнча эксперт Талант Кушчубеков.

























