Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Кыргызстандын чек ара кызматы мындан эки күн мурун жаңжал катталган Баткендин Көк-Таш аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Тажикстан менен Кыргызстандын жумушчу тобунун сүйлөшүүлөрү бүгүн да уланат. Кечээги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жаряланган жок. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүүдө.
Кечээ чек арадагы жаңжал боюнча атайын түзүлгөн Кыргызстандын мекемелер аралык жумушчу тобу аймакка барып, чатакташуу учурундагы материалдык чыгымдар боюнча кароо жүргүзгөн.
3-4-август күндөрү Баткендин Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан эле. “Жаңжал мүрзөгө барчу жолду тажик тургундары тосуп салгандан кийин башталды”, - дейт Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова. Ал эми көк-таштыктар буга жооп кылып сууну бөгөп салган. Мунун арты эки тараптан кишилердин чогулуп, таш ыргытууга чейин барган жаңжалына алып келген.
Кыргызстан менен Тажикстанды расмийлери Баткендин Көк-Таш айлындагы чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн жолдорун издешүүдө.

























