Шайлоо: тизме тактоо түйшүгү

Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоонун акыркы айлампасы жүрүүдө. Көп учурда шайлоочулар өздөрүн тизмеден табалбай калган жайгдайлар орун алып жатат.
Бул жолку шайлоодо биометрикалык каттоодон өткөндөр гана добуш берүүгө катыша алат деп айтылган. Биометрикалык маалыматтарды каттоо менен Ош шаарында шайлоочулардын саны 40 миңдей кишиге кыскарганы кабарланган. Бирок бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн дейт расмийлер.
“Ош шаарында ушул күндөргө шайлоочулардын 94% биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Башында такталган 170 миң жарандын 160 миңге чейини өтүп бүттү. Азыр эми сырткы жана ички миграцияда жүрүп катталбай калгандар өтүүдө. Карыя кишилерди үйүнө барып өткөрүп жатабыз. Маалыматтарды баары Бишкекке жөнөтүлүүдө. 19-сентябрга чейин каттоо жүрөт. Андан кийин токтотобуз”,-деди Ош шаардык паспорт жана виза каттоо кызматынын жетекчиси Ринат Алиев.
Анын айтымында шаардагы шайлоочулардын саны мурдагыдан бир топ аз. Кечээ күнү маселен, 40 миңге чейин азайганы туралуу малымат таратышкан. Бирок бул сандар дагы өзгөрөт дейт расмий өкүл. Мурдагы шайлоолордо Ош шаары боюнча шайлоочулар саны 130 миңге чамалуу деп айтылып келген. Азырынча такталган сандар боюнча 105 миңдин тегереги деп айтылып жатат.
“Шайлоо комиссиясынын мурдагы тизмесинен бир топ эле айырма чыгып жатат. Бирок башында айтылгандай чоң айырма азыр өзгөрдү. Бул боюнча так маалыматтарды эми беребиз. Бир эле жарандын аты-жөнү эки-үч добуш берүү аймагынан чыгып калган учурлар болду. Ошол эле учурда көзү өтүп кетсе да тизмеден чийилбей калгандарды чыгардык”.
Мамлекеттик каттоо кызматы биометриканын негизинде тактап жаткан шайлоо тизмелери көптөгөн талаштуу жагдайларды пайда кылууда. Ош шаарынын тургуну Жамила Капарова биометрикалык маалыматын тапшырган үй-бүлөсүндөгү жети кишинин экөөнүн аты-жөнү шайлоо тизмесинен чыкпай калганын айтты.
«Мен активдүү шайлоочу катары өзүмдүн үй-бүлөмдү шайлоо тизмесинен издеп, кызым менен келинимди тапкан жокмун. Алар биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан болчу. Азыр такташып жатабыз. Анан мамлекет тарабынан так айтыла элек го дейм, биз ID паспортубуз менен шайлоого катышабызбы же биометрикалык маалыматтын негизиндеби? »,-деди Ж. Капарова.
Серепчи Расул Авазбек уулу, шайлоо тизмелеринен бул сыяктуу башаламандыктар көп аймактарда катталып жатканына көңүл бурууда:
“Мындай тизмеден өзүн табалбай калгандар көп санда болуп жатат. Биз бир катар шайлоо өнөктүгү менен алектенип жаткан кишилер менен да сүйлөштүк. Ошто эки мектепте тесттик режимдеги шайлоо өткөрүлүгөн экен. Ал жерге келгендердин 30% өздөрүн тизмеден таба албай калыптыр”.
Расмйилер тактоо иштери бүтө элек, бул сыяктуу алешемдиктер жоюлат деп ишендирип жатат. Бирок серепчилердин байкоосунда шайлоо учурундагы эң көп чыңалууну жараткан маселе ушул шайлоочулардын тизмесинен чыгышы мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларында кошумча добуш берүү жайлары ачылганын билдирген.
“”Ош шаарында жети аймактык кеңеште кошумча добуш берүү жайлары ачылды. Бул жайлар шаарда үй-жайы бар, бирок каттоосу ар кайсыл райондордо болгон жарандар үчүн ачылды”,-деди Ош шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Рысбек Нурдинов.
Бул жерде да кошумча участкалардагы шайлоочулардын тизмесин ким сунуштайт деген суроолор болууда. Жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамдарында биометрикалык маалыматын тапшырган гана жарандар добуш берүүгө катыша алат деп жазылган. Муну менен бийлик шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшүн камсыздайбыз деп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда өлкө боюнча 2 миллион 705 миң 418 киши биометрикалык маалыматтарды тапшырган. Негизи 3 миллион 641 миң адамдын маалыматын чогултуу болжолдонууда.





























