БШКга утулган партиялардан арыз түшкөн жок
Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын талашып, добуштарды кайра саноону талап кылган арыз бир дагы партиядан түшпөгөнүн билдирүүдө. Буга чейин айрым маалымат булактары “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо бир катар шайлоо участокторундагы электрондук санакка ишенбей, добуштарды кайра санатууну талап кылып жатканын билдирген болчу.
Шайлоодо жеңилип калган партиялардын эч кимисинен, анын ичинде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаровдун өзүнөн же ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн эч кандай арыз келбегенин Би-Би-Сиге БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы менен бир чыккан. Шайлоонун жыйынтыгында аталган партиялар биригип алган добушу жети пайызга жетпей калды. Аскар Салымбековдун өзү Би-Би-Сиге БШК эсебин тактап чыгармайынча эчтеке деп айта албай турганын билдирди.
“Бүтүн Кыргызстан” 2010-жылдакы шайлоодо дагы бир аз эле добуш жетпей калып, шайлоодо жеңилип калган. Анткен менен Мадумаровдун өлкө түштүгүндөгү өзүнүн потенциалдуу электораты бар деген ишеним менен Аскар Салымбеков бул партия менен биригүүнү чечкен эле.
Эми шайлоодо күткөн үмүттөр акталбай калып, “Эмгек” партиясынын активисттери бул биригүү туура эмес болду деген пикирлерин айтып жатышат. Шайлоо Мадумаровдун түштүктөгү электоратын жоготуп алганын көрсөттү деди Би-Би-Сиге саясий эксперт Марс Сариев.
"Мадумаров түштүктөгү электоратын жоготуп алган өңдүү. Бакиевдин учурунда катуу келатып, кийин Атамбаев келгенде бул бийлик менен дагы мамиле түзө койгон өзгөрүлмө жүрүштөрдү эл деле жакшы түшүнбөйт болуш керек",-деди Марс Сариев.
4-октябрда болгон парламенттик шайлоого 14 партия катышып, алгачкы маалыматтар боюнча алты партия жети пайыздык чектип багындырып, парламентке өттү. Анын ичинде азыркы бийликте турган СДПК,
“Республика-Ата-журт” жана “Ата мекен” партиялары, жана шайлоого биринчи жолу катышкан “Кыргызстан”, “Өнүгүү”,” “Бир бол” партиялары жеңишке жетти.
“Бүтүн Кыргызстандан” башка партиялар белгиленген чекке такыр эле караандабай калды. Ошол себептүү бүгүнкү күндө БШКга доомат коюп же соттошуп, добуштарды кайра саноону талап кылган партиялар жок.





























