Президент күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштырды

Президент Алмазбек Атамбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Алмазбек Атамбаев
Published

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштырды. Ага ылайык, Бусурманкул Таабалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчылыгынан бошотулуп, мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Анын ордуна УКМКны Абдил Сегизбаев жетектемей болду.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевдин ордуна Жаныбек Капаров келди.

Ал эми мурдагы Коргоо министрлигинен Коргоо боюнча мамлкеттик комитети болуп өзгөргөн жаңы түзүмгө Марат Кенжисариев төрага болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат саясаты боюнча бөлүмү кабарлады.