Кимсиз?

Би-Би-Си глобалдашуунун адам баласына тийгизген таасири тууралуу “Кимсиз?” аттуу өнөктүгүн баштады. Ааламдашуу жана интернет доорунда миграция күчөп, улуттар бири-бири менен жуурулушуп жатат. Мындай шартта эч бир инсан өзгөрбөй койбойт.
Миграция, интернет жана технологиянын адам баласына тийгизген таасири тууралуу кызуу талкууларга келгенде 1993-жылы чыккан бир мультфильм эсиме түшөт. Анда эки ит компьютердин алдына келип интернетке киргенде “биз ит экенибизди эч ким билбейт” деп сүйлөшөт. Ал учурда интернет жалпы дүйнөлүк коомчулукка тарай элек эле жана байланыш начар болчу. Ал эми былтыр 2015-жылы дал ошондой дагы бир мультфильм чыгып, анда эки ит ээси компьютерди тиктеп отурганын карап: “Эсиңдеби, интернетте ким экенибизди эч ким билчү эмес эле”,-деп сүйлөшөт. 23 жылдын ичинде чоң өзгөрүүлөр болду. Алар, албетте, адамга жана анын инсан катары ким экенине сөзсүз таасир этти.
Ал эми миграцияны алсак, мигрант башка өлкөгө көчүп барып отурукташканда жаңы маданиятты кабыл алабы? Көп жылдан кийин өз маданияты менен отурукташкан жеринин маданияты айкалышса, өзүн киммин деп аныктайт? Мисалы бир кыргыз Америкада жашап калса, өзүн афро-америкалык, италиялык-америкалык сыяктуу эле кыргыз-америкалык деп аныктайбы? Ал эми көп жылдар бою Европада жашап, Кыргызстанга көчүп баргандар өзүн киммин деп эсептешет?
Бир ай бою Би-Би-Си глобалдашуу, технология, миграция сыяктуу факторлор инсандын кимдигине, музыка тандоосуна, соода кылуусуна, тамак-ашына же бир элдин маданиятына болгон көз карашына кандай таасир эткенине токтолот.
Ал эми сиз кимсиз? Өзүңүздү киммин деп аныктайсыз? Бул багытта пикириңиз болсо, же ой-толгоолоруңузду сайтыбызга жайгаштырууну кааласаңыз, kyrgyz@bbc.co.uk дарегине кат жөнөтсөңүз болот.

























