Ош шаарынын мэрлигине кайрадан Кадырбаев көрсөтүлдү

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Синин Оштогу кабарчысы
  • Published

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы шаар мэрлигине талапкер катары учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин алып чыгууда. Шаар мэрлигин шайлоо 25-майда болот деп күтүлүп жатат.

«Айтмамат Кадырбаевке кайрадан ишеним көрсөтүп жатканыбыз, ал эки жылдан ашуун мэр болуп иштеп, шаарда бир топ эмгек жасады. Мурдагы мэр шайлоодон кийинки кырдаалды билесиңер, көпчүлүк Кадырбаевди иштеп кете албайт, эл ага каршы деген пикирлерди айтышкан. Бирок, ал өзүнүн иш билгилиги менен кырдаалды жайгарып, көп иштерди жасады. Шаардагы стабилдүүлүктү сактап иштей алды. Шаардын тазалыгы, жолдордун абалы боюнча аткарган иштерине баары күбө. Ал өзү дагы бир топ пландарын айтты. Негизгиси тургундар менен иштеше алат, күчтүү команда түзө аларын көрсөттү деп ишеним билдирип жатабыз»,-деди шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Тажимамат Эркебаев.

Бул сунушту шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция да колдоого алууда. Көпчүлүк коалициянын курамына “Бир Бол”, “Мекеним Кыргызстан” жана КСДП фракциялары кирген. Жалпысы болуп көпчүлүк коалиция 27 депутаттан турат. Ал эми оппозициялык азчылыкты түзгөн «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «Ѳнүгүү» фракциялары азырынча талапкер туралуу сунуштары жок экенин айтууда. Мэрди 45 мандаттуу Ош шаардык кеңеши шайлайт.

2014-жылдын 15-январында калаа башчылыгына келген учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев ошол кезде тургундар арасында өтө чоң кадыр-баркка ээ болуп турган шаардын экс-мэри Мелис Мырзакматовду шайлоодон утуп алган. Айтмамат Кадырбаевди шаардык кеңештин 25 депутаты колдосо, экс-мэр Мелис Мырзакматовго 19 добуш берилген. Бир бюллетень жараксыз болуп чыккан.

Бул шайлоо Мелис Мырзакматовду колдоп келген миңдеген кишилердин митинги алдында өткөн эле. Айрым серепчилер шаардагы аткарган иштери менен элге алынып кеткен Мырзакматовдон кийин иштеп кетүү өтө татаал болуп турган кырдаалда Айтмамат Кадырбаев татыктуу иштеп, өзүн көрсөттү деп баа берип келатышат. Ошол эле учурда аны катардагы аткаруучу деген сын-пикирлер да ээрчип жүрөт.