Айдоочулар жаңы үлгүдөгү унаа номерин өз каалоосу менен алат

Кыргызстандагы автоунаалар үчүн 1-июндан тарта жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматы унаа номерлерин алмаштырууга себеп болгон бир топ жагдайларды атады:
«Буга чейин мамлекеттин кызыкчылыгы сакталбай келген. Башында туура эмес саясат болуп мамлекеттик автоунаа номерлерди чыгаруу жеке компанияга берилип калган. Мындан ары мамлекет муну өз колуна алып жатат. Экинчи жагы, эл аралык стандарттар боюнча өлкөнүн аймактары, шаарлары сандар менен бөлүнөт. КМШ өлкөлөрүндө жалгыз гана Кыргызстанда аймактар тамга менен бөлүнүп келген»,-деди мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов.
Айдоочулар жаңы автоунаа номерлерин өз эрки менен гана алмаштыра алат. Эгер жаңы унаа сатып алса, ага жаңы номер берилет. Экинчи кишиге сатса, же каттоодон кайра өткөрсө жаңы номер алышы керек болот. Эски үлгүдөгү унаа номерлер мындан ары чыгарылбай турган болду. Унааны жаңы номерин алуу банк кызматын кошпогондо 980 сом деп айтылып жатат.
Ѳлкөнүн облустары жана шаарлары унаанын жаңы номеринде эми 01 ден баштап 09 га чейинки сандар менен белгиленген. Автоунаалардын номерлерин жаңылоо боюнча чечимди өкмөт өткөн жыл соңунда кабыл алган болчу. Кыргызстан боюнча болжолу 1 миллион 200 миңге чамалуу автоунаа катталганы айтылып жүрөт.

























