Нарындагы кырсык: "канализациядагы газ күчтүү болот экен"

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
10-июнда Нарын шаарында тереңдиги беш мертлик канализациялык люкта үч киши ууланып мерт кетти, экөө ооруканада. Алар "Нарын суу канал" ишканасынын жумушчулары болчу.
Нарын облустук экотехинспекциянын жетекчи орун басары Болот Байгубатовдун айтымында, жумушчулар коопсуздук чараларын сактаганына карабай катуу ууланган.
Би-Би-Си: Жумушчулар кандай жагдайда ууланышкан?
Болот Байгубатов: Алар ыплас сууларды тазалоочу насостук станцияны оңдоп-түзөп баштаганына эки-үч күн болуп калган. Түтүктөрдөн желдерди чыгарып, дат баскан түтүктөрдү алмаштырып жатышкан. Ошол учурда эскирген түтүктүн оозунан газ атып кеткен.
Алардын колкаптары, газга каршы беткаптары бар болчу, бирок жетишпей калышкан. Коопсуздук эрежелерин сактап иштеп жатышкан. Бирок муну “күтүүсүз өлүм” деп коёт экен, дароо мерт кетишти.
Иштерин бүтүп, сыртка жөнөп жатышканда бирөөсү жыгылып калат. Калганы аны жөн эле жыгылып калды деп, үчөө бири-бирин сүйрөп кеткенге жетишпей калышкан. Ал эми сырттагылар түшүп жардам берели деп жатканда газ экенин сезип калышып, бараткандарды кайра артка сууруп алышкан.
Би-Би-Си: Эки кишинин абалы кандай?
Болот Байгубатов: Алардын абалы жакшы. Реанимацияга жатып чыгышты. Калдыктардан чыккан газдан уулануу жаман болот экен, алар азырынча ооруканада.
Би-Би-Си: Жумушчулар ошол тармактын кесипкөйлөрүбү, сиз айткан кийим-кечеден сырткары коопсуздук эрежелерин, газ чыккан учурда эмне кылуу керек экенин билишет беле?
Болот Байгубатов: Ооба, ошол тармактын адистери. Газ чыкканда люкта эч бир тарапка кача албайт экенсиң. Мындай кырсык Нарында да, Кыргызстанда деле болбоптур. Мындай газдыкы оор экен. Дем алууну уюштуруу кыйын болот экен, анткени дем алдырчу түтүкчөнү сыртка алып чыгыш керек. (AK)





























