УКМК: Террордук чабуулга даярданган үч киши кармалды

Бишкектеги атайын операция учурунда өрттөнүп жаткан үй. 2015-жыл, июль
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги атайын операция учурунда өрттөнүп жаткан үй. 2015-жыл, июль
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Баткен аймагында террордук чабуул жасаганга даярдык көргөн деп үч кишини камакка алганын кабарлады. Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү деп шектелгендер өткөн аптада терроризмге жана экстремизмге каршы ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кармалган.

«Кармалагандар Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук жаңжалга аралашып, атайын террористтик даярдыктардан өтүп келген. Алардын негизги максаты Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун жашыруун ячейкаларын уюштуруп, ошону менен катар шаарларда террордук чабуулдардын серияларын жасоону көздөшкөн. Аларда колго жасалган жардыргыч заттар жана курал-жарак болгон», - деди УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Алардын жашаган жерин текшерүүгө алаганда куралдар жана "Ф-1" гранатасы, ок-дарылар, экстремисттик адабияттар, жихаддык маанайдагы электрондук материалдар табылган.

Терроризмге байланыштуу коопсуздук жагдайлары эл аралык чөйрөдө курч болуп жаткан учурда Кыргызстан эле эмес Борбор Азия өлкөлөрүндө да буга каршы туруу даярдыгына өзгөчө маани берилип келатат. Ошол эле Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанда дагы коопсуздук маселеси алдыңкы орунда турууда. Анткени Борбор Азия чөлкөмү географиялык, маданий, диний жагынан учурда аскердик чыр-чатактарга чулганган Ооганстан, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жакын. Экинчи жагынан, бул региондун өзүндө террордук абал курчуганын салыштырмалуу тынч делген Казакстандын Актөбө шаарында болгон окуялар көрсөтүп турат.

Сириядагы согуштук жаңжалдарга Борбор Азия өлкөлөрүнөн азгырылып баргандардын экстремисттик топтордун катарында согушуп келатканы бүтүндөй аймак үчүн кооптонууларды жаратып келүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, Сириядагы согуштук чыр-чатактарга аралашты делген кыргызстандыктар саны 500дөн ашуун деп айтылууда. Расмийлер тактоо иштери улантылып жатканын, сандар мындан да көп болушу мүмкүн дейт.

Өлкөнүн күч кызматтары соңку жылдарда Сирияга азгыруу көрүнүштөрүнө бир топ бөгөт коюлуп, түшүндүрүү иштери кеңири жүрүп жатканын белгилеп келүүдө. Ошону менен бирге эле алар кайра кайтканда кырдаал кандай болот деген маселе бар. (AbA)