Турсунбек Акун: Абактардагы ачкачылыкты сырттан жетектешүүдө
- Author, Акчолпон Койчиева
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
- Published
Кыргызстанда абак жайларда ачкачылык акциясы улантылууда. Ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңге жакын экени кабарланып, алардын айрымдары ооздорун тиип алган. Бул ачкачылык акцияларын өлкө сыртындагы кылмыш анабашылары жетектөөдө дейт Би-Би-Сиге берген маегинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун.