Урмат Аманбаева: Кумтөр кенин депутаттар кайра текшерет
- Author, Акчолпон Койчиева
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
- Published
Кыргызстанда Кумтөр алтын кенин текшерүү үчүн кайрадан депутаттык комиссия түзүлдү. Буга чейин дагы бир депутаттык комиссия Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтеп келген болчу.
Ал ортодо 7-февралдан бери Кумтөрдө иштеген миңден ашуун жумушчу иш таштоого чыккан. Алар компаниядан Социалдык фондго каражат которуу маселесин чечүүнү, айлык акыларын көтөрүүнү талап кылууда. Жогорку Кеңештин депутатты комиссиянын мүчөсү Урмат Аманбаеваны маекке тартык.