Эмил Жээнбеков: Экстремисттер жогорку технологияны колдонуп жатышат
Published
Кыргызстанда интернет аркылуу экстремисттик маанайдагы маалыматтарды таркаткан топ ашкереленди. Бул топ деструктивдүү чакырыктарды камтыган видео жана аудио материалдарды жергиликтүү жана чет өлкөлүк интернет-сайттарга жайгаштырып келген.
Колго түшүрүлгөн сегиз адамдын үчөө жаш кыздар экени, алар "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү болгону аныкталууда. Бул окуя тууралуу Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков Би-Би-Сиге маегинде толугураак айтып берди.