Бейрутта дагы бир катуу жардыруу болду
Published
Ливандын баш калаасы Бейруттун түштүк жагындагы “Хезболланын” жери делген аймакта катуу жардыруу орун алды. Андан кеминде беш киши мерт кетип, жыйырмадайы жаракат алды.
Ноябрь айында дал ушул жерде Ирандын элчилигин бутага алган чабуулдар болгон. Өткөн жума күнкү Бейруттагы жардыруудан “Хезболланы” сындап жүргөн, сунниттерден чыккан экс-министр Мохамад Шаттах баштаган жети адам каза тапкан эле.
Видео комментарий менен коштолбойт.