Ирак: өкмөт “Аль-Каида” менен кармашууда

Published

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики согуш күчөп жаткан Фалужа шаарынын тургундарын “Аль-Каидага” ыктаган көтөрүлүшчүлөрдү сүрүп чыгарууга чакырды.

Өкмөттүк күчтөр Фалужа жана батыш тараптагы Рамади шаарынын айрым бөлүктөрүн басып алган согушкерлер жана “Аль-Каиданын” жоокерлери менен кармашууда.

Фалужадагы жүздөгөн адамдар артиллерия жана аба соккуларынан качып чыгууда.