Жол коопсуздугу: "Адам бол!"

Published

Кыргызстандагы “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жаштар менен алардын тилинде баарлашуу үчүн жаш айдоочуларга арналган музыкалык клип тарттырды.

Жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ ырчылар катышкан клипте жолдогу коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү экендиги баса белгиленген.

“Адам бол” аттуу АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясынын каржылоосу менен тартылган музыкалык клипке атактуу ырчылар Бегиш, Аман жана Аширова Салтанат катышкан.