90 жыл мурунку орчундуу токтом
Published
Мындан 90 жыл мурда июнь айында Орто Азия калктарынын тарыхы үчүн маанилүү окуя болгон.
Орусия коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети Орто Азиядагы элдердин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө токтом кабыл алган. Бул токтом бул аймактагы түпкү улуттардын, автономиялык аймактардын, кийинчерээк СССРдин курамындагы республикалардын пайда болушуна жол ачкан.
Тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымов бүгүнкү тарых талкуусунда ушул окуянын таржымалына жана маанисине токтолушат.