Ирактык күрт согушкерлери Түркияга бет алды
Published
Ирактык күрт согушкерлери Түркияга бет алышты. Алар андан ары Сириянын чек арасындагы Кобане шаарына өтүп, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы согушабыз деп жатышат.
Ал ортодо Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Би-Би-Си менен маегинде эмне себептен Түркия “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү үчүн Сирияга жөө аскерлерин жөнөтпөй жатканын түшүндүрдү.