Саясий репрессия курмандыктары эскерилүүдө

Published

Кыргызстанда 8-ноябрь саясий репрессия курмандыктарынын күнүнө карата Ата-Бейит көрүстөнүнө коомчулук өкүлдөрү барып таазим этүүдө.

Бул жерде 1937-жылы советтик бийлик тарабынан бейкүнөө атылган 137 адамдын сөөгү табылып, кайра көмүлгөн. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдракманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакееев сыяктуу кыргыздын залкар мамлекеттик ишмерлери болгон.

Бейитти таап, биринчи казууларды жүргүзгөн Улуттук коопсуздук комитетинин кадрларды даярдоо институтунун жетекчиси Болот Абдракманов менен Би-Би-Си маек курду.