Лондон сүйлөйт: 11.8.15
Published
Бүгүн:
- Кыргызстандагы парламенттик шайлоо алдында күтүлбөгөн саясий жүрүштөр уланууда. Бул жолу батышчыл көз караштагы депутаттар орусиячыл партияга барып кошулду.
- Баш кеңсеси Канадада жайгашкан уюм Кыргызстанды жаратмандык көрсөткүчү боюнча эң акыркы тизмеге кошту. Себеби эмнеде? Иликтөөнүн авторлорунан жооп алып беребиз.
- Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү Казак-Кыргыз чек арасынын ачылышы менен башталууда.
- Бишкектеги активист кыз шаардагы унаалардын сапатына нааразы болуп, өкмөттү сотко берди.