ЕАЭБден түшчү каражаттардын жагдайы

Published

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке же 180 миллион кишилик базарга кирүү менен бизнестин, айыл-чарбанын өнүгүүсүнөн сырткары акчалай каражат алуу планы бар болчу.

Биримдикке түшкөн жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1,9 пайызын алат деген Кыргызстан өткөн жылдын акыркы үч айында 3,5 миллиард сомдой алып, 2,9 миллиард сом берди. Айырмасы болжолдуу жарым миллиардды түзгөнүн, Кыргызстан башка мүчө өлкөлөргө караганда киреше таба алганын өкмөт айткан менен ал пландалгандын 62 гана пайызын түздү.

Андан сырткары салыкты чогултуунун азыркы ыкмасынан улам биримдикке мүчө өлкөлөрдөн кирген товарлардын баасын кагазда арзан көрсөтүп коюу оңой. Ушунун натыйжасында Кыргызстандын бюджетине бир миллиард 200 миллиондой кошумча нарк салыгы түшпөй калганы айкын болду.

Интеграциянын долбоору Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ири көлөмдөгү каражаты Орусиянын банктарында депозитте турсун деген жагдай күмөн жаратууда.

Ушул маселелерди экономикалык рубрикада Би-Би-Си кабарчысы Азиза Марат кызы менен Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары Улан Примов талкуулады.