Дүйнө чабыт: мансаптык артыкчылыктар

Published

Жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин он алты депутаты өз үйү жоктугунан мамлекеттик үйлөрдө жашап жатканын жазып чыгышканы коомчулукта кызуу талкууланган темалардан болууда.

Бүгүнкү "Дүйнө чабыт" берүүбүздө журналист Азимжан Ибраимов менен коомдук ишмер Алмаз Окин депутаттарды үй, унаа менен камсыз кылуу жана аларга башка мансаптык артыкчылыктарды берүүнүн башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасы кандай экенин айтып беришет.