Пулити: Кыргызстандын энергетикасын жакшыртса, өлкө өнүгөт

Published

Февралда Стамбул шаарында Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕРӨБ) менен “Файнэншэл Таймс” уюштурган экономикалык форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү соңку инвестициялык абал талкууланды.

ЕРӨБдүн энергетика боюнча директору Риккардо Пулити Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Э.Максутова: Борбор Азия өлкөлөрүндө баалар төмөндөп кетти. Алар бул абалдан чыгуу үчүн кандай чараларды көрсө болот?

Р.Пулити: Сырьёнун баасы Борбор Азияда эле эмес, дүйнө боюнча төмөндөп жатат. Тилекке каршы, бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал – финансы тартибин күчөтүү. Бардык чыгымдарды азайтып, өндүрүш каржылоосун кылдат жүргүзүү керек. Капиталдык инвестиция жасоонун жолдорун издеп, акчаны үнөмдөө зарыл.

Себеби бир күнү акча түгөнүп, сызга олтуруп калбаш керек. Бул чаралар бүт өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга да тиешелүү.

Э.Максутова: Бул багытта Кыргызстандын алдында кандай негизги маселе турат?

Р.Пулити: Кыргызстан – башкаларга салыштырмалуу баалары жогору аймак. Ал кыйынчылыктар менен тконкуренцияга туруштук бере алган ири дүйнөлүк кен казуучулар менен атаандашууга мажбур.

Кыргызстандын географиялык шарты татаал. Бирок ага карабай, шарттарды жакшыртуу үчүн көп нерсени жасаса болот. Эң негизгиси, мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүш керек. Бул инвесторлорду тартуу үчүн эле эмес, өлкөнүн өзүндөгү компаниялардын ишин жеңилдетүү үчүн да зарыл.

Э.Максутова: ЕРӨБ азыркы учурда Кыргызстанда кандай энергия долбоорлорун ишке ашырып жатат?

Р.Пулити: Биз “Центерра Голд” жана Кумтөр кенин иштеткен компаниялар менен кызматташуубузду улантып жатабыз. Ал жерде коомдук жана жеке пикир келишпестиктер улам чыгып жатканын билебиз.

“Центерра Голддун” коомдук дагы, жеке дагы акционерлери бар. Алардын көп жылдан берки мамилесин үй-бүлөдөгү оош-кыйыштарга салыштырса болот. Аялы же күйөөсү бири-бирине таарынат, бирок жашоо улана берет эмеспи. Анысы сыяктуу бул компанияларда да өйдө-ылдый маселе чыкканы менен, иш жакшы эле уланып жатат.

Дегеним, көңүлдү кунт коюп, маселени чечсе болот. Мындан сырткары, Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосунда жогорку вольттуу электр линиясын өткөрүүнү пландаган “СASA 1000” долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бул - Борбор Азияда, өзгөчө Кыргызстандагы гидроэнергетикалык ресурстарды туура пайдаланууну ишке ашырчу маанилүү долбоор. Анын максаты - энергия ресурсу чоң, бирок аз колдонгон өлкөлөрдөн, Пакистан сыяктуу электр кубатын көп талап кылган өлкөлөргө жеткирүү. Мунун максаты өлкөгө киреше алып келүү, акчаны көбөйтүү. Ал акчаны туура пайдаланып, элди да, өлкөнү да өнүктүрсө болот.

Э.Максутова: Өзү электр кубатына муктаж болуп турган Кыргызстан башка өлкөлөргө энергияны кантип экспорттойт?

Р.Пулити: Туура айтасыз, бирок энергияны өндүрүүгө жана керектөөгө болгон талап жыл мезгилине жараша болот.

Жайында Кыргызстанда керектөөгө болгон талап азаят дагы, ашыкча электр кубаты топтолот. Демек, жайында электр кубатын экспорттоп, балансты толуктап алса болот. Ал эми кышында, электрди өзү колдонуп, ошол эле учурда инфраструктурасын кеңейте берсе болот.

Бул трансмиссия долбоорунан сырткары, биз Кыргызстанда чакан гидростанцияларды куруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бул үчүн атайын суу сактагычтардын кереги жок. Тек гана дарыяларда кичинекей плотиналарды салса жетиштүү. Бул жол менен өлкөнүн гидроресурстарын туура пайдаланып, көбүрөк электр кубатын иштеп чыкса болот.

Э.Максутова: Энергетика инфрастуктурасын оңдоо, жөнөкөй калктын жашоосун жакшыртат дегенге жатабы?

Р.Пулити: Сөзсүз. Калктын да, өлкөнүн да шарты жакшырат. Адам баласынын ишмердүүлүгү үчүн электр энергиясы жетиштүү болушу абдан маанилүү.

Электр жетишсиз болсо, чакан ишканалар өнүгө албайт. Электр кымбат болсо, жана туруктуу камсыздалбаса, экономиканын өсүшү абдан кыйын. Бирок Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы жок деп ойлойм. Анткен менен кайсы бир деңгээлде, энергияны баарына тең жеткирүү, үзгүлтүксүз камсыздоо жана атаандаштыкка туруштук берүү жаатында маселе бар.

Андыктан биздин максатыбыз – арзан баада көп электр кубатын өндүрүү, аны менен үзгүлтүксүз камсыздоо болуп саналат.

Э.Максутова: Ар бир өлкөдө энергия көзөмөлүн кандай уюм жүргүзгөнү туура?

Р.Пулити: Көз карандысыз уюмдар көзөмөлдөгөнү эң жакшы.

Э.Максутова: Жеке компанияларбы?

Р.Пулити: Жок, көзөмөлдү мамлекетке караштуу коомдук, бирок өкмөттөн көз карандысыз болгон уюм көзөмөлдөгөнү жакшы. Ошондо кардарлардын же коммуналдык сектордун кызыкчылыгы саясат менен аралашып кетпейт.

Биз ошол көз карандысыз көзөмөл жүргүзүүнү калыптандырууга көмөктөшөбүз. Инфрастуктураны жакшыртуу, гидроэнергияны иштетүү багыттарынан сырткары, энергия экспортунан түшкөн кирешени, арзан энергия чыгарууга жумшап, туура пайдалануу үчүн, анын мыйзамдык жана көзөмөлдөө системасын түзүп жатабыз.

Тариф – көйгөйлүү маселе. Тарифтер электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымды камтыш керек. Тарифте ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалган чыгымдарды да камтышы зарыл.

Муну дароо ишке ашыруу кыйын. Ал үчүн кыска мөөнөттүү субсидия керек. Орто жана узак мөөнөттө энергия иштеп чыгууга кеткен чыгымды камтыган, алдын ала белгилүү, ачык тариф коюу керек. Бул инфрастуктура инвестициясы үчүн маанилүү. Себеби, жедеп эскирген инфрастуктура өлкө үчүн чоң маселе болуп турат.

Э.Максутова: Коңшу өлкөлөрдүн кызматташуу маселесине кайрылсак. Ар бир тарап өзүнүн милдеттенмесин аткараарына кандай кепилдик бар?

Р.Пулити: Эң жакшы суроо бердиңиз. Биз аймактык интеграция жана кызматташууну колдоп келебиз. Ар бир өлкө азыр өз алдынча иштеген энергетика системасына ээ. Интеграция жаратылышка келтирилген зыянды, өндүрүшкө кеткен чыгымды кыскартат. Демек, ар бир өлкө, бардык жагдайды эске алып, өзүнө да, башкаларга да пайдалуу жолдорду табыш керек.

Суу электр кубатын чыгаруу менен бирге, айыл чарбасы үчүн да маанилүү. Демек, суу ресурсун туура бөлүштүрүү боюнча ачык саясат жүрүшү шарт. Биз бул багытта да жардам берүүгө аракет кылып келебиз.

Э.Максутова: Бажы уюмуна киргенден кийин Кыргызстандын энергетика сектору андан кандай пайда таба алды?

Р.Пулити: Биринчиден, тажрыйба жана технология алмашууда, ишти тейлөөдө аталган уюмдун мүчөсү болуу өтө маанилүү. Себеби анын алкагында тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр менен алмашып тура алат.

Энергия тармагында ар дайым инновациялар болуп турат. Интеграциялашканда технологиясын жана мыйзамдарын өнүктүрүүгө, бири-бирине жакындашууга шарт түзүлөт.