Дүйнө чабыт: Чет өлкөнүн өкмөттөрү "ашуудан" кантип ашат?
Published
Жогорку Кеңеш жаңы төраганы шайлоо менен удаа эле Өкмөттүн өткөн жыл боюнча отчетун угуунун алдында турат. Отчет азыр комитеттерде талкууланып жатат. Ошол талкуу маалында, айрым депутаттар Англиянын мисалына кайрылып, өкмөт ар бир суроого так жооп бериши керек деген пикирлерин билдиришти. Жаңы өкмөт мурунку өкмөт үчүн отчет берип жатканы да кызык маанай жаратууда.