Бактысыз балалык кийин ден-соолукка таасирин тийгизет

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Published
Балалык мезгилинде катаал мамилеге туш болгон балдар кийин эр жеткенде башкаларга салыштырмалуу ден-соолугунан көп жапа чегишет дейт бул жаатта иликтөө жүргүзгөн британдык окумуштуулар.
Лондон университеттик коллежинин кызматкерлери 1958-жылы туулган 8000 миңге чукул кишиге 50 жыл боюу байкоо жүргүзүшкөн. Бала кезинде катаал мамилеге туштуккандардын 70 пайыздайы өнөкөт ооруларга чалдыгышкан. Иликтөө америкалык Pediatrics журналына жарыяланды.
Бул иликтөө балага ырайымсыз мамиле кылуу ондогон жылдардан кийин социалдык-экономикалык оорчулуктарга алып келерин далилдөөдө. Анын кесепети ушундай мамилеге туш болгон кишилердин кийинки муунуна сезиле баштайт.




























