Британдык музыкант Жорж Майкл дүйнөдөн кайтты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жорж Майкл дүйнөдөн кайтты. Ал Оксфордшир графствосундагы үйүндө каза тапкан. Анын өлүмүнүн себептери айтылган жок.

Сүрөттүн булагы, PA
Бирок полиция эч кандай шектүү жагдай байкалбаганын билдирген. Музыкант 2011-жылы оор формадагы пневмония илдетин башынан өткөргөн. Ошол учурда ал өлүм менен өмүр ортосунда күрөшүп, жасалма дем алдырган апараттан ал үнүн бузуп алуу коркунчу да болгон. Бактыга жараша толук айыгып чыкканы айтылган болчу.
Жорж Майкл 1963-жылдын 25-июнунда Лондондо туулган. Ал өзүнүн чыгармачылык чыйырын 1980-жылдары Wham дуэти менен бирге ырдап чыгып баштаган. Киийин топ тараганда өз алдынча кеткен. Музыкант «Грэмми» сыйлыгын үч ирет алган, MTV сыйлыгын беш жолу утуп алган. Ѳмүрүнүн соңуна чейин алты гана жыйнагын чыгарды. (AbA)




























