Красноярск: каза тапкандардын саны өстү

Кырсык болгон жайга 18 техника, 55 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсык болгон жайга 18 техника, 55 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылды
Published

Тергөө комитетинин билдиришинче, Красноярск шаарындагы “Жемчужина” деп аталган карылар үчүн жеке менчик пансионатта чыккан өрттөн кеминде 3 киши каза болду. Башында бир киши каза тапканын айтылган эле.

Алгач имараттын чатыры жергиликтүү убакыт боюнча 11:30 да күйүп баштаган. Өрт эмнеден чыкканы тактала элек.

Тергөө комитетинин сайтында өрт жанаша жайгашкан пансионаттын имаратына да жайылып кетиши мүмкүн деген божомол жазылган.

Кырсык болгон жайга 18 техника, 55 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылып, 2 саатка жакын убакыт ичинде өрт өчкөн. Интернетке тараган тасмадан имараттын экинчи кабатын толук бойдон жалын чулгап калганын көрүүгө болот.

Мындан улам "коопсуздук талаптарына жооп бербеген шартта кызмат көрсөтүлгөн" деген негизде кылмыш иши козголду.

Бул пансионатта эс алып жаткандардын арасында төшөктө жатып, дарылангандар да болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул пансионатта эс алып жаткандардын арасында төшөктө жатып, дарылангандар да болгон

Буга чейин өрт өчүрүү кызматына аталган имараттын биринчи кабаты кыштан, экинчи кабаты жыгачтан курулган деп билдирилген. Эс алуучулар жыгачтан курулган экинчи кабатта жашап жаткандыгы айтылган.

Бул пансионатта эс алып жаткандардын арасында төшөктө жатып, дарылангандар да болгон. Тергөө комитети билдиргендей, 34 адам коопсуз жайга чыгарылган. Аймактык ооруканадагылар жаракат алгандардын дагы бири реанимацияга түшкөнүн журналисттерге билдирди. (AbK)