Хьюстондогу химиялык заводдо жарылуу болду

Сүрөттүн булагы, AFP
Суу ташкынанан жапа чегип жаткан Хьюстондон 30 чакырым ыраак турган "Arkema" химиялык заводунда жарылуу болду. Завод аймагында жарылуунун добушу чыгып, кара түтүн каптаганын америкалык маалымат каражаттары жазууда.
Катуу жааган нөшөөр, "Харви" бороону алып келген кесепеттерден кийин Arkema компаниясына таандык заводдогу химиялык каражаттарды сактап турган система керектен чыккан. Компания эгерде өрт чыгып кетсе аны өчүрүү мүмкүн эмес деген билдирүү жасады.
Аталган завод бороон башталардан алдын жума күнү эле ишин токтоткон болчу.
Катуу жааган нөшөөрдөн кийин заводдун аймагын суу басып, электр жабдыктары керектен чыккан деди компания. Атайын чукул абал учурунда иштете турган генераторлор дагы суу алдында калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Эми каражаттар жарылып, ал болсо чоң өрттү пайда кылышы мүмкүн,-деди компания жетекчиси Ричард Роуэр. -Заводдун аймагын каптаган суу, электр кубатынын жок болгону, бизге муну алдын алууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок».
Заводдун айланасына жакын (2,4 чакырымга чейин) аймактардын тургундары коопсуздук үчүн башка жайларга чыгарылып кеткен.
Катуу бороон кеминде 33 кишинин өмүрүн алды. АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы "Харви" бороону басаңдап калганын айтууда.
Бирок синоптиктер чыгыш Техаста жана батыш Луизианада нөшөөрлөгөн жамгыр жакынкы күндөрдө токтобой турганын болжоодо. (AbA)
































