"Ирма" бороону Пуэрто-Рикого жакындады

Пуэрто-Рико
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пуэрто-Рико тургундары бороондон сактанууга даярдык көрүүдө.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Буга чейин Кариб деңизиндеги аралдарда чоң кыйроолорду алып келген "Ирма" бороону Пуэрто-Рикодогу америкалык аймакка жакындады. Бороон жакындаганы Пуэрто-Рикодо катуу шамал жүрүп, нөжөөрлөп жамгыр жаап жатат.

Шаршембиде бороондун кесепетинен Франциянын деңиз аймактарында кеминде жети киши мерт болду. Барбуда аралында бир киши каза тапты.

Антигуа жана Барбуданын премьер-министри Гастон Браун кабарлагандай, 1700 калк жашаган арал бороон жапырып өткөндөн кийин, тыптыйпыл болуп талкаланды.

Болжолдуу эсептөөлөргө караганда инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн 150 миллион доллар керек болот. Дээрлик 95 пайыз инфраструктура талкаланган.

Кабарларга караганда көп аймактар электр жарыгы жок калып, айрым жерлерде суу ташкындары жүз берди.

Ушундай эле кырдаал француз аймагы болгон Сен-Бартелемиде жана Франция менен Нидерландияны бөлүп турган Сен-Мартен аралында орун алды.

Кабарларга караганда көп аймактар электр жарыгы жок калып, айрым жерлерде суу ташкындары жүз берди. Катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен.

Сен-Мартен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциянын аймактары болгон Сен-Бартелеми жана Сен-Мартен электр жарыгы жок калды.

"Ирма" бороонун соңку он жылдагы Атлантикадагы эң кубаттуу бороон деп мүнөздөп жатышат. Шамалдын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга жетүүдө.

Бороон эң жогорку бешинчи категорияга жеткени айтылды. Буга чейинки Техастын жээктерин жапырып, суу ташкындоону алып келген "Харви" бороонунан алда канча кыйраткыч мүнөздө болуп жатат.

Пуэрто-Рико
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бороон жакындаганы Пуэрто-Рикодо катуу шамал жүрүп, нөжөөрлөп жамгыр жаап жатат.

Мындай кубаттуу бороонго туруштук берүү кыйын, ал дарактарды кулатып, үйдүн чатырларын учуруп, кишилей чыгымдарды алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

АКШ президенти Дональд Трамп Флорида штатына жана АКШнын Пуэрто-Рико менен Виргин аралдарындагы аймактарына өзгөчө кырдаал абалын киргизди.

Кооптуулук жаралган аймактардан тургундарды чыгарып кетүү аракеттери уланууда. Азырынча АКШнын материктеги аймагына бороондун кандай кесепети тийиши белгисиз.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Флорида
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Флоридада бороонго байланыштуу милдеттүү эвакуация жарыяланды.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Борис Жонсон, британ өкмөтү бороондун жолунда турган деңиздеги аймактары менен тыгыз байланышта болуп турганын, "жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн колдон келгенин кылабыз" деп айтты. (AbA)