Трамптын БУУдагы сөзү талкууга жем таштады

US President Donald Trump at the UN General Assembly in New York, 19 September
Published

Ирандын тышкы иштери министри Президент Трамптын Бириккен Улуттар Уюмунунун Башкы ассамблеясындагы биринчи кайрылуусун "сабатсыз кас сөз" деп мүнөздөдү. Президент Трамп Ирандын өкмөтүн "канкор режим" деп атаган.

Ошондой эле Трамп Түндүк Корея өзөктүк курал долбоорун улантып, АКШга жана анын өнөктөштөрүнө коркунуч түзсө, мамлекетти толугу менен талкалайм деп билдирди.

Дональд Трамп жаңылыктын чордонунда жүргөнү менен дүйнөлүк коомчулук президенттин Башкы ассамблеядагы биринчи кайрылуусун чыдамсыздык менен күтүп турду.

Donald Trump speaks to world leaders at the UN General Assembly at UN headquarters in New York, 19 September

Американы "биринчи орунга коём" деген президент көп тараптуулукту даңазалаган уюмда кандай маселени көтөрөт деген суроолор чыккан.

"Кошмо Штаттардын президенти катары мен ар дайым Американы биринчи орунга коём. Мен сиздер сыяктуу эле жетекчимин, сиздер лидер катары өз мамлекетиңиздерди биринчи орунга коёсуздар жана ал туура кадам", -деди Дональд Трамп.

Президент өнөктөш мамлекеттердин лидерлери менен жылуу сүйлөшүп, душман деп санаган өлкөлөрдү айыптады, өзгөчө Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды.

Башкы ассамблеядагы Түндүк Кореяга ыйгарылган орундар бош турду.

"Кошмо Штаттары абдан кубатту жана сабырдуу. Бирок АКШ өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого муктаж болсо, биз Түндүк Кореяны толугу менен талкалоого мажбур болобуз", -деди Дональд Трамп.

US President Donald Trump at the UN General Assembly in New York, 19 September (composite image)

Президент АКШ Иран менен өзөктүк долбоору боюнча келишимден чыгышы мүмкүн деген пикирин да айтты.

Кайрылуусунун аягында күчтүү, эгемен өлкөлөрдү бирге иш алып барууга чакырды.

"Биз тынчтык, эркиндик, адилеттүүлүк, үй-бүлөбүз жана адамзат үчүн бирге күрөшөбүз, бирге турабыз. Чоң ыракмат", -деди Трамп.

Президенттин кайрылуусундагы Түндүк Корея боюнча сөзү талкууга алынууда. Бирок аскердик аракеттердин кесепети оор болоору бышык.

Бириккен Улуттар Уюмунун кемчиликтерине карабастан Пхеньян менен диолог түзүүдө Уюмдун ролу орчундуу болмокчу. Президент Трамп аны түшүнүп турганы анык.