АКШ кубалык он беш дипломатты өлкөдөн чыгарат

Вашингтондогу Кубанын элчилиги 2015-жылы эки өлкөнүн мамилеси жанданып жаткан учурда кайрадан ачылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вашингтондогу Кубанын элчилиги 2015-жылы эки өлкөнүн мамилеси жанданып жаткан учурда кайрадан ачылган.
Published

АКШ Кубанын бийлиги Гаванадагы америкалык элчиликтин кызматкерлерин коргоо боюнча талап кылынгандай чараларды көргөн эмес деп, 15 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Кубанын Тышкы иштер министри Бруно Родригес бул чечимди акылга сыйгыс деп мүнөздөдү.

Бул кадам АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан Кубанын баш калаасындагы элчилигинен жоон топ кызматкерлерди артка чакырып алуусу менен коштолду.

"Бул чечим Кубанын биздин дипломаттарды коргоо боюнча чараларды көрбөгөнү, Вена конвенциясына ылайык милдеттенмелерин аткарбаганынан улам кабыл алынды»,-деди шейшембидеги кайрылуусунда Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон.

АКШ тарап соңку айларда элчиликтеги 20 чукул кызматкеринин саламаттыгына атайын жабдыктар аркылуу зыян келтирилгенин айтып жатат.

Гаванадагы элчиликте иштеген америкалык кызматкерлер арасында угуу жөндөмүн жоготуп, башы ооруган учурлар катталган. Болжолу мындай абал акустикалык толкундардан улам жаралышы мүмкүн деген пикирлер айтылды.

Азырынча бул тууралуу так аныктамалар айтыла элек.

Куба болсо мындай акустикалык чабуулдар болгонун четке кагып жатат. Азырынча АКШ деле кубалык өкмөттү түздөн түз айыптоодон карманып турат.

Анализ: Куба менен мамиле жаңы коркунучка кептелиди

Уилл Грант, Би-би-си, Гавана

Трамптын администрациясынын чечимине карата Кубанын реакциясы күтүлгөндөй эле таарыныч менен коштолду. Гавананын пикиринде, АКШ дипломаттары эмнеден жабыр тартканына аз болсо да далилдерди көрсөтпөй туруп, жоопкерчиликсиздигин жана шашмалыгын көрсөттү.

Кубалык дарыгерлер Американын элчилигиндеги жабыр тарткан кызматкерлерге киргизилген эмес деди өлкөнүн Тышкы иштер министри Бруно Родригес. Ошондой эле кызматкерлерге жардам көрсөткөн америкалык дарыгерлер менен да жолугууга мүмкүнчүлүк берилген жок.

Куба-Америка мамилеси кайрадан курчуп кетти.Бул жолку кризис АКШдагы жакындарынан кабар алып келүүгө ниеттенип турган миллиондогон кубалыктарды капылеттен ыңгайсыз абалга калтырды. Анткени аларга виза берүү токтотулат.

Бирок бул жерде дипломатиялык мамилелердин үзүлбөй турганы өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Куба түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жол издеп, АКШ менен кызматташтыкка даяр экенин билдирүүдө.

"Биз Куба менен дипломатиялык мамилелерди үзбөйбүз жана мындан кийин дагы бул чабуулдар боюнча иликтөө иштеринде Куба менен кызматташабыз»,-деп айтылды АКШнын Мамлекеттик катчысынын билдирүүсүндө.

Өткөн аптада америкалык расмийлер: «Мындай чабуулдарда кандай техникалык каражаттар жана ыкмалар колдонулганы тууралуу бизге белгисиз»,-деп билдирген эле. (AbA)