Каталониянын лидерлери көз карандысыздыгын жарыялайбы?

Лидер Каталонии Карлес Пучдемон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каталониянын таратылган өкмөтүнүн лидери Карлес Пучдемон
Published

Бүгүн Каталониянын таратылан өкмөтү аймактык парламентке кайрылуу жасайт. Буга чейин парламентте Каталония көз карандысыздыгын жарыялашы мүмкүн деп айтылып келген.

Карлес Пучдемон Каталониянын парламентине талаштуу референдумдун жыйынтыгы менен бөлүшөт. Испаниянын өкмөтү референдумду мыйзамсыз деп атаган.

Учурда дүйнөлүк коомчулук Каталониянын парламентине көңүл буруп турган кез. Бүгүн кечинде Каталониянын таратылган өкмөтүнүн лидери аймактык парламентке кайрылуу жасайт.

Карлес Пучдемон талаштуу референдумдун жыйынтыгын Каталониянын парламенти менен бөлүшөт деп жоромолдонууда. Мадрид референдумду мыйзамсыз деп атаган. Сынчылар референдум учурунда мыйзам бузуулар болгонун белгилешүүдө. Бирок Пучдемондун колдоочулары добуш берүүгө Испаниянын полициясы тоскоолдуктарды жаратканын билдиришүүдө.

Демонстрант и полицейский
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшемби күнү Испаниянын өкмөтүн колдогон миңдеген активисттер демонстрация өткөрдү

Референдумдан бери Пучдемон, сын-пикирге карабастан көз карандысыздыкты жарыялайбыз деп бир нече жолу айткан. Испаниянын өкмөтү жана Европа Биримдиги бул кадамга каршы чыгууда.

Демек Пучдемон Каталонияны эгемен мамлекет деп жарыялайбы же референдум бир күнү таанылсын деген ой менен стратегиясын өзгөртөбү?

Демонстранты с флагами
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карлеса Пучдемондун тарапкерлери анын кайрылуусун күтүүдө.

Ал тапта Испаниянын өкмөтү Каталониянын лидерлерине эскертүү берип, абал чыңалса Барселона шаарындагы миңдеген полиция кызматкерлери кийлигишет деп белгиледи. (AT)