Калифорниядагы өрт: 1,500дөн ашуун турак жай өрттөлдү

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY
Калифорниядагы өрттөн кеминде 10 адам курман болуп, миңдегендер аймактан чыгарылды. Ысык аба ырайы жана катуу шамаалдан улам Калифорниянын жүзүм өстүргөн аймагында өрт тез тарады. 1,500дөн ашуун имарат өрттөлгөнү маалымдалууда.
Өрт өчүрүү кызматкерлери аянты 283 чарчы чакырымга жеткен, 14 башка аймакта иш жүргүзүүдө. Айтылган аймак жүзүм жана виносу менен белгилүү, Сан-Франциско шаарынын түндүгүндө жайгашкан.
Шамаалдын кубаты саатына 115 чакырым ылдамдыкка жеткендиктен өрт абдан тез тарады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Калифорниянын губернатору Жерри Браун өзгөчө кырдаал абалын жарыялап, бир нече шаарча эвакуацияланды. Толугу менен сегиз миң турак-жай коркунучта деп айтылууда.
Куткаруучулар аймактан чыга албай калган тургундарга тик учактар менен жардам көрсөтүүдө.
Өрт эмне себептен башталганы белгисиз бойдон. (AT)




























