Манхэттендеги окуя боюнча теги өзбекстандык жаран кармалды

Сайфулло Саипов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык басылмалар полициядагы булактарына шилтеме берип, кармалган шектүү 29 жаштагы теги өзбекстандык Сайфулло Саипов экенин жазып чыгышты.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Нью-Йоркто велосипедчилерди жана жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен шектүү кармалды.

Бул окуяда сегиз киши мерт болду деди Нью-Йорктун мэри Билл де Бласио. Алты киши окуя болгон жерден каза тапкан, дагы эки киши алган жаракатынан ооруканада көз жумду.

Расмийлердин айтымында, Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипедчилердин жолуна кирип барып, ал жердеги кишилерди тебелетип, кийин мектеп автобусуна барып урунган.

Каза тапкандар арасында америкалыктардан сырткары, Бельгия жана Аргентина жараны бар.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Нью-Йорк полициясынын маалыматына караганда, 11 киши олуттуу жаракат алган. Жүк тарткан унаа автобусга келип урунгандан кийин, айдоочусу эки колуна тең тапанча кармап алып унаадан чыккан деди полиция.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Полиция бир нече ирет ок чыгарып, шектүү жарадар болгондон кийин гана кармаган.

Кийин полиция шектүүнүн колундагы ок атуучу куралдын бирөөсү пейнтбол үчүн, экинчиси пневматикалык курал болгонун ырастады.

на месте нападения

Америкалык басылмалар полициядагы булактарына шилтеме берип, кармалган шектүү 29 жаштагы теги өзбекстандык Сайфулло Саипов экенин жазып чыгышты. Унааны болсо ал ижарага алган экен.

NBC телекомпаниясынын маалыматына караганда Саипов АКШга 2010-жылы келген. Нью-Йоркко Флорида штатынан барган. ABC News телеканалы Саипов 2015-жылы Пенсильванияда жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөгөнүн кабарлады.

Басма сөз жыйынында Нью-Йорктун полиция жетекчиси бул окуяны террордук акт катары кароого негиз берген жагдайлар бар экенин айтты.

на месте нападения

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо шектүү өзү жалгы аракеттенген болушу мүмкүн деп билдирүү жасады. Ошондуктан азыркы учурда башка шектүүлөрдү издөө иштери болбогонун полиция дагы ырастап жатат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3

ТАКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн "Твиттер" баракчасына эмоционалдуу билдирүү жазды. Шектүүнү «оорукчан жана акылынан айныган» деп атап, «(Мындайларга) АКШда жол жок!» деп жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 4
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 4

на месте нападения

Бул кол салуу Нью-Йорк үчүн 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуядан кийинки көп киши мерт болгон трагедия болуп калды. Ал учурда 2600гө чукул киши мерт болгон эле. (AbA)