БУУ: Мосулда “ИМ” 741 жайкын тургунду өлүм жазасына тарткан

Сүрөттүн булагы, EPA
Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында, Ирактын Мосул шаарында өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун согушкерлери кеминде 741 жайкын тургунду өлүм жазасына тарткан.
Жихадчы топ Мосулдун тургундарын массалык түрдө уурдап, аларды тирүү калкан катары колдонуп, үй-мүлкүн өрттөп, аймактан качып чыгууга аракеттенгендерди бутага алганы айтылат.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссеин "үрөй учурган кылмыштары үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек" деп билдирди.
Ошондой эле Зеид Раад ал-Хуссеин Ирак армиясынын мыйзам бузуулары дагы иликтениши зарыл деп кошумчалады.
БУУ Ирактын армиясы жана АКШ баш болгон коалициянын аба соккуларынан улам 461 жайкын тургун көз жумду деп маалымдады. Мосулду бошотуу операциясы 2016-жылдын ноябрь айынан баштап 2017-жылдын июль айына чейин созулган.
Толугу менен кеминде 2521 жайкын тургун көз жумуп, 1673 адам жаракат алган.
2016-жылдын ноябрь айында Ирактын армиясы Мосулдун айрым аймактарын көзөмөлгө алганда "ИМ" тобу үн күчөткүчтөрдү колдонуп, өкмөттун аскерлерине каршылык көрсөтпөгөнү үчүн жайкын тургундар дагы душман катары каралат деп билдирүү таратышкан.





























