Трамп Кытайга карата мамилесин жумшартты

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Президент Трамп Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы $310 миллиард долларга тете соода таңкыстыгына АКШнын мурдагы жетекчиликери жоопту деп билдирди. Трамп бул сөзүн Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен бирге өткөн басма сөз жыйында айтты.
АКШнын лидери эки мамлекеттин ортосундагы соода таңкыстыгына Вашингтон жоопту деп билдиргени Бээжин үчүн ири жеңиш катары сыппатталууда. Буга чейин Кытайдын адилетсиз соода саясатынан улам таңкыстык пайда болуп жатат деген пикир айтылган.
Президент Трамптын Бээжинге болгон расмий иш сапарынын экинчи күнүндө, аны Тяньаньмэнь аянтындагы "Элдик жыйын үйүндө" салтанатуу тосуп алышты. Дал ушул имаратта АКШнын президенти Кытайдын лидерин мактап, аны жергиликтүү эл колдойт деп белгиледи.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Трамп менен Си Цзиньпин энергетика, азык-түлүк жана авиация тармагында бир нече бизнес келишимине кол койду. Бирок Кытай технология жана банк тармагын АКШнын компанияларына ачкан жок.
ДональдТрамп АКШнын соода таңкыстыгынын жарымын Кытай түзгөнүнө мурдагы президенттер жоопту деп билдирди. Буга чейин президент Трамптын администрациясы соода таңкыстыгын Кытайдын адилетсиз саясатына байлап, Бээжиндин кадамы дүнөлүк соода системасына коркунуч жаратат деп маалымдаган.
Талдоочулардын айтымында, Трамптын сөзү АКШнын Кытайга болгон чабал стратегиясынан кабар берет. Президент Си Цзиньпин болсо Түндүк Корея жана соода маселеде АКШ менен кызматташа берерине ынанды.




























