Дума RTга жооп кылып америкалык ММКларды чектейт

RT каналы АКШда чет элдик канал катары катталууга тийиш.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, RT каналы АКШда чет элдик канал катары катталууга тийиш.
Published

Кремль каржылаган Russia Today медиа уюмун АКШ "чет өлкөлүк агент" катары катталышы зарыл деген талп койгондон кийин, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусияда иш жүргүзгөн медиа уюмдарына дагы жооп болот деп эскертти.

Russia Today АКШнын Юстиция министрлиги медиа уюмду "чет өлкөлүк агент" катары каталууга мажбурлап жатканын көптөн бери айтып келеген эле. Медиа уюм бул кадамды сөз эркиндигин чектөө катары мүнөздөп келе жаткан. АКШнын Юстиция министрлиги азырынча бул чечимине комментарий берүүдөн баш тартууда.

АКШнын атайын кызматтары Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишти деген маалымат таратып, Russia Today медиа уюму ага ири салым кошкон деп белгилеген.

Эми мунун кесепети Москвада жайгашкан АКШнын медиа уюмдарына тийиши ыктымал. Өткөн айда президент Путин АКШда жайгашкан медиа уюмдарына кысым болсо, Москва дароо окшош жооп кайтарат деп эскерткени бар.

АКШда "чет өлкөлүк агент" катары башка өкмөттүн саясий аракетине аралашкан уюмдар катталат. Russia Today "чет өлкөлүк агент" катары бардык материалдарына Орусиянын мамлекетинин атынан таратылды деген белги коюшу абзел. Медиа уюмунун башчысы АКШнын Юситиция министрлигинин кадамын дискриминация деп сындап, сөз эркиндигине чабуул катары баалады. Russia Today талапту аткарууга аргасыз болот, бирок сотко кайрылаарын билдирди.

Ал ортодо Орусиянын Мамлекеттик думасында өлкө аймагындагы америкалык ММКларга чектөө киргизүү маселеси демилгеленип жатат.

Думанын вице-спикери Петр Толстой билдиргендей, депутаттар комплекстүү жооптуу чараларды иштеп чыгууга киришти. Анын айтымында, бул чаралар Орусиядагы жалаң гана америкалык медиага тиешелүү болот.